Өкмөт башчы Сапар Исаковдун иштерине ичи чыкпагандар четтен чыгат. Бирок ошондой болсо да, жакшы иштерди алдыга жылдырып жатканы ырас. Болгону коомчулук баш бакандан катуулукту, чечкиндүүлүктү талап кылып жатканы көрүнүп эле турат. ЖЭБ январь айынын аягында иштебей калган учурда Исаков ЖКдан: “Жесткий чара көрүп, тим эле баарын жесткий кылып салгым келип жатат” – деп айткан эле, андан бери деле андай катаалдыгы байкалган жок, болгону бир катар министрлерге катуу сөгүш берип тим болду. Сөгүш менен маселе чечилбесин өзү деле билет. Андыктан, сөгүш менен чектелбеши керек. Болгон мүмкүнчүлүгүн колдонуп, чечкиндүү чараларды көрбөсө эл ыраазы болбойт.
Булак: Багыт
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ