Кезегинде Улукбек Ормонов «Акжол» фракциясынын лидери болуп жүрүп, кийин «Бир Бол» аркылуу парламентке келди да, көнгөн жылмалыгына салуу менен коалицияга кирип кетти. Ой тимеле, кошоматка кой сойгон жагынан бакылдап жаман уста беле кайран «чоң курсак»? Убагында Алмазбек Атамбаевди «ашата сөгүп», каматууга аракет кылып жүргөнүн кайда жашырат?
Учурда болсо эки жакка «ойнолоктоп», өзүн түштүктүн «Серый кардиналы» сезип, тыңсынганын көрүп атабыз. Бул эргулдун артында болгону «Жоро бозо» аттуу коому бар, мүчөлөрү: Айтибай Тагаев, Абдырейим Кулбаев, Арапбай Төлөнов, Нурпазыл Атамбаев, Мавлян Амракулов ж.б. «регионалисттер»… Эми ушундай кейпи менен Ормоновдун «ойномою» кыргыз элинин келечектеги президентин тандап калса, анда түйүнчөгүңөрдү түйгөнгө даярданбайсыңарбы?..
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ