Президент Алмазбек Атамбаев 13-майда, Ош облусунун Өзгөн жана Чон-Алай райондорунун табият кырсыгынан жабыр тартышкан айыл тургундарына материалдык жардам бөлдү. Бул туурасында КР Президентинин Аппаратынын басма сөз кызматы мааымдады.
Мамлекет башчысы кол койгон буйрукка ылайык, Жалпакташ айыл округуна караштуу Курбу-Таш жана Маркс айылдарына 1 млн сом, Зергер айыл округундагы Аюу айылына – 1 млн сом бөлүндү.
Андан тышкары, Президент А. Атамбаев Чоң-Алай районунун зилзаладан жабыр тарткан айылдарына 3 млн сом бөлдү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ