3-январда Түркиянын Сарыер районунда түрк жараны Фатих Й. Кыргызстандын 22 жаштагы жаранын зордуктаганы үчүн 30 жылга абакка кесилди. Бул тууралу Түркиянын Haberler.com агенттиги билдирет.
2017-жылдын 26-августунда түнүндө 22 жаштагы кыргыз студент кыз Стамбулдун метросунун “Аязага” станциясынан чыкканда түк жараны Фатих Й. кармап алып “үнүңдү чыгарба, өлтүрөм!” деп коркутуп, кызды зордуктаган жана телефонун тартып алган.
Кыргыз кыздын арызы менен Стамбулдун полициясы кылмыш болгон жердеги видеобайкоонун тарткандарын текшерип, кылмышкерди таап алышкан.
Сотто Фатих Й. күнөөсүн мойнуна албай койгондуктан сот аны 30 жылга абакка кескен. Анын ичинде зордуктоо фактысы боюнча 18 жылга, телефонду карактоо фактысы боюнча 12 жылга.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ