Menu

Таласта “төө бурчак уурдады” делген бала асынып өлдү

Бөлүшүү:

Талас районунун Козучак айылынын 20 жаштагы тургуну өз үйүнөн муунуп калды. Бул тууралуу маркумдун туугандары «АКИ-пресс» агенттигине кабарлашты. 1996-жылы туулган Азамат Анарбеков велосипед оңдоп, өз унаасында эл ташып жана жергиликтүү базарда унаа тектиктерин сатып, үй-бүлөөсүн бакчу.

Март айынын алгачкы күндөрүндө бейтааныш эки адам Азаматтан унаасы менен Талас шаарына жана Арашан айылына төө бурчак жеткирип берип коюусун суранышат. Азамат 2-3 жолу каттап, баардыгын жеткирип берет. Көрсө, суранган адамдар төө буурчакты уурдап сатып жатышкан экен. Алар колго түшкөндө Азаматты дагы күбө катары суракка чакырышат. Ошондой эле туугандарынын берген маалыматына караганда, козголгон кылмыш иштин алкагында Азаматтын мойнуна дагы «3 мүшөк төө буурчак уурдады» деген күнөө илингени айтылууда. 29-март күнү ал үйүнө келгенде жубайына кырдаалды түшүндүрүп, «эми элдин бетин кантип карайм, кылбаган ишке мени күнөөлөп жатышат» деп айтып бергени маалым болду.

Жубайы Уулжан Дуулатова дагы базарда бут кийим сатып иштегендиктен, Азамат аны эртең менен жумушка жеткирип коюп, үйүнө кеткен. Көпкө чейин телефон чалып, ала албай койгон келин, күйөөсүнө кабатырланып, тааныштарынын бирин үйүнөн карап коюусун суранат. Дал ошол адам Азаматтын асынып калган денесин таап алган.

Быйыл 20 гана жашка чыккан Азамат жарым жыл мурун үйлөнгөн. Атасынан эрте калгандыктан 7-классынан бери велосипед оңдоп, оорулуу энесин багып келген. Туугандарынын айтымында, ал дайыма мыйзам чегинде иш кылууга аракеттенип, такси айдоо үчүн дагы патентти өз убагында алып турган. Өз күчү менен эки бөлмөлүү үй куруп, жеңил унаа сатып алган. Ал эми жесир калган жубайы күйөөсүнүн өлүмүнө милиция кызматкерлерин күнөөлөп жатат.

 

Нуржан АКЫЛБЕКОВА

Булак: “АЗИЯnews”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: