БУУнун башкы катчысы Антонио Гутерриш уюмдун Сирия боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары норвегиялык дипломат Гейр Педерсенди дайындоону сунуштады.
БУУнун башкы катчысынын пикиринде, Педерсен Сириядагы жети жылдык согушту аягына чыгарууга өз салымын кошуп, жаңжалды саясий жол менен чечүү боюнча БУУнун аракеттерин ишке ашырат. Гутерриш эл аралык коомчулукту жана сирия бийлигин Педерсенге ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө чакырды.
Учурда Гейр Педерсен Норвегиянын Кытайдагы элчиси, ага чейин ал өз өлкөсүнүн БУУдагы ыйгарым укуктуу өкүлү болгон.
БУУнун Сирия боюнча атайын чабарманы Стаффан де Мистура жеке маселелерден улам ноябрда кызматтан кетерин жарыялаган.
Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ