Menu

Атамбаев “Эрдик” медалын берген Данияр Абдыкаров “Бителдин” акчасын уурдаганбы?

Бөлүшүү:

Президенттин колунан “Эрдик” наамын алган Данияр Абдыкаров коомчулук астында бир топ сынга кабылды. Ал 2010-жылдын 6-апрелинде Талас ОИИБнин орун басары болуп туруп, элге каршылык кылганы, сабатканы, аягында өзү жансоогалай качып кеткени айтылды. Ошол кездеги министр Молдомуса Конгантиевди көпчүлүккө салып бергени да кызуу сөз болууда. Эмесе, биз эл билбеген бүдөмүк суроолорду ИИМдин бүгүнкү орун басарына жолдойлу. Жооп берсе, гезит бетинен орун берилет.

Данияр мырза, сиз бир учурда “Бителдин” коопсуздук жагын тейлегенсиз да. Ал жагын жакшы билесиз. Ошол компаниядан жүк ташуучу машине менен толтура акча алып чыгып, сиңирип алаарда “каралардын” колуна түшүп калгансызбы? Жаныңызда азыркы Свердлов РИИБнин орун басары Мирлан Мухтаров бар беле? Анан экөөңүздөрдү “каралар” шаардан сырткары чыгарып, өкүртө кыйнап, аягы көрүңөрдү каздырганбы? Аргасыздан “Бителден” уурдалып чыккан акчаны бөлүштүңөрбү? “Эл оозунда элек жок” дейт. Бүгүнкү күндө генералдардан лейтенанттарга чейин күбүр-шыбыр болуп жүргөн “тонолгон миллиондор” боюнча жооп берип койбойсузбу? Бул чынбы же жалганбы?

Азырынча ушул суроолорго токтойлу. Эгер “Эрдик” медалдын ээси Данияр Абдыкаровдун “Бителдеги” жоругу аныкталып калса, анда ИИМдин иригени ушулбу? Карышкырга кой кайтартып аткан жоксуңарбы?..

Таңатбай БЕРИКБАЕВ

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 37 = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: