Menu

Видео – Иса Өмүркулов, КСДПчы депутат: “Бүгүнкү президент да кыргыздын журт атасы”

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин КСДП парламенттик фракциясынын лидери Иса Өмүркулов “Коом пресс” басылмасына берген маегинде анын “Социал-демократтар” партиясы үчүн жүрөгү ооруп жатканын билдирген.

“Азыр “КСДПнын” ичинде эмне болуп жатканына дагы кызыккан жокмун. Бир гана партия үчүн жүрөгүм ооруп жатат. КСДП эски партиялардын бири, партиянын баскан жолу да татаал болду. Партиянын тарашы жалпы Кыргызстандын саясында чоң таасир этти деп ойлойм. Азыр ар кандай сөздөр болуп жатат, бирок, мен фракция менен чакырылыштын аягына чейин барам. Андан кийин көрүнөт” – дейт Иса Өмүркөлов.

Иса Өмүркулов ошондой эле, аны партиянын чыккынчысы деп атаган партиялаштарынын сөздөрүнө да комментарий берди.

“Баары мени партиянын чыккынчысы деп айтышат, эгерде алар бири-бири менен урушуп, талашып жатса, менин ага кандай тиешем бар? Эмне үчүн мен чыккынчы болушум керек? Мен бирөөнү саттымбы? Мен партияны саткандай шайлоо же тандоо болуп жатабы? Ачыгын айтканда, алар портфель талашып кырылып жатат. Менин алар үчүн эмес, партия үчүн жүрөгүм ооруп жатат” – деди депутат.

Депутат Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев менен достук мамиледе болгондуктан, бир жолу анын үйүн жардырып жиберишкенин да айтты.

“Акаевдин тушунда мени Атамбаевдин досу деп, бийликке душман болгом. Бакиевдин тушунда да өтө чоң сыноолор болгон. Анда партиянын бир да мүчөсүн саткан эмеспиз. Баарыбыз бирдей аракет кылганбыз. Ал үчүн өзүм, үй-бүлөм кордук көрдүк. Үйдүн бир бурчун жардырып, үй-бүлөмө да кол салуу болгон” – деп билдирди депутат.

Андан кийин ал Бишкек шаарынын мэри болуп турганда жерди сатуу боюнча айыптоолорго комментарий берди.

“Чындыкка коошпогон нерсеге актанып эмне кылам. Менин милдетим шаардын чек арасын аныктоо болчу. Ал шаардын атайын кызматтары менен биргеликте аныкталган. Андан кийин эле “14 гектарды калтырып койгонсуң, кийин аны сен сатмаксың” деген күнөө коюлду” – дейт Иса Өмүркулов.

Ал ошондой эле, Алмазбек Атамбаевди “журт атасы” деп айткандыгы үчүн өкүнүчтө болбогонун айтты.

“Алмазбек Атамбаевди “журт атасы” деп айтканым үчүн эч өкүнгөн жокмун. Ал сөз контексттен алынып, айтыла берет. Мисалы, президент деген сөз кандай которулат? “Ажо” деп, эми бул деген “журт башчы” да. Бүгүнкү күндөгү да (президент) “журт башчы” – деди Иса Өмүркөлов.

Мындан тышкары, КСДП фракциясынын башчысы парламент спикери же премьер-министр кызматын ээлөөгө даяр экендигин билдирди.

“Генерал болууну кыялданбаган солдат, солдат эмес” дешет. Эгерде, ошондой ишеним боло турган болсо, кызмат кылганга тажрыйба дагы, мүмкүнчүлүк да бар” – деди Өмүркулов.

Сөзүнүн аягында эл өкүлү жөнөкөй жарандар ал жөнүндө социалдык тармактарда жаман нерселерди жазбай тургандыгына ишенерин билдирди.

“Мен социалдык тармактарда өзүм жөнүндө ар кандай пикирлерди окубайм. Мунун бардыгы мага каршы уюштурулган кара пиар. Жөнөкөй жаран мени жеке таанып, билбесе эмнеге жамандашы керек. Кээде жүрөккө тие турган сөздөр айтылат. Муну көбүнчө жаш балдар айтышат. Мени билбей туруп, каралагандар адамдардын көзүнө карагым келет” – дейт Иса Өмүркулов.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 93 − = 83

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: