Menu

Камчыбек Ташиев, УКМКнын төрагасы: “Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 24-декабрда КР УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйынында атайын кызматтарда Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеванын жергиликтүү сотторго автоматташтырылган системаны киргизүүдө коррупциялык элементтерге катыштыгы бар болушу мүмкүн деген материалдар бар экендигин айтты.

Анын айтымында, жакынкы аралыкта тергөө кызматы иштин материалдарын Генпрокуратурага өткөрүп берет, ал жерден Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеваны кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн КРнын Судьялар кеңешине өткөрүлөт.

“Эгерде тартип комиссиясы биздин ишибиздин материалдарын эске алуу менен биздин өтүнүчүбүздү канааттандырса, анда биз Жогорку соттун төрайымын камакка алып, жоопко тартабыз”, – деди Камчыбек  Ташиев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 − 81 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: