Бүгүн, 11-январда “Клооп” порталынын оператору Хамидулло Узаков суракка чакыртылды. Бул тууралуу Ош шаарындагы милициянын басма сөз кызматы билдирүү таратты.
Алардын билдирүүсүнө караганда, Х.Узаков Руслан Матраимовдун арызынын негизинде суракка чакыртылган. Арыз ээси: “белгисиз топ үйүн дрон менен тартып, жеке жашоосунун кол тийбестигине жана коопсуздугуна шек келтирип жатат”,- деп жазган.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ