Учурда айтылып жаткан “МегаКомдун” айланасындагы чыккан кылмыш ишине байланыштуу 1 миллион доллар акчанын кесепетинен улам 3-4 жылдан бери Өмүрбек Текебаев менен жүздөшпөй, таарынышып жүргөн “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, 2011-жылдан 2016-жылдын январь айына чейин Кыргаз Республикасынын Түштүк Кореядагы ыйгарымдуу жана толук укуктуу элчиси болуп иштеп келген Дүйшөнкул Чотонов дагы камакка алынды. Чотонов коррупцияга жана шылуундукка шектелип, ага карата кылмыш иши козголгон. Чотонов 26-февраль күнү Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча суракка алынып, ошол эле күнү УКМКнын тергөө абагына камалган.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ