Абдымалик Шерматов кызы Малика Динага видео тасма аркылуу кайрылуу жасады. Бул тасма соцтармактарга жайылган.
Тасмада Абдымалик Шерматов Маликанын “Атаке” деген ырын жактырып калганын жана ага ыраазы болгонун билдирди.
“Маликам, сен жөнүндө дайым ойлоном. Ден-соолугуң жакшыбы? Сен чыгармачылык адамсың, ошондуктан мени түшүнөсүң деп ойлойм. Сенин мен жөнүндө ырдаган ырың мага аябай таасир берди. Былтыр ырды укканда, сага байланышайын дедим, бирок колум бошогон жок. Ошондуктан эми сага кайрылуумду жасап, батамды берейин дедим. Атанын батасы жакшы болот. Сен күчтүү үй-бүлөнүн кызысың. Апаң дагы жакшы инсан. Энесин жана атасын сыйлаган кыз өсөт. Ички дүйнөм, рухум менен сага батамды берем, кызым. Тагдырда өйдө-ылдый болуп турат. Эң башкысы сабырдуулук, чыдамкайлык менен жеңе билүү. Сен кимдин кызы экениңди унутпа. “Атаң сени таштап кеткен”- деген ушактарды укпа жана ишенбе. Шерматова Малика деген тууну өчүрбө, өйдө көтөр” – деп билдирди Шерматов.
Тасманын соңунда Абдымалик Шерматов кызын жакшы көрөрүн жана ага чыгармачылык ийгилик каалап өттү.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ