Menu

Кеңеш Жусуповдун туулгандыгынын 80 жылдыгына арналган «Ой алпы, сөз зергери» аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү өтөт

Бөлүшүү:

2017-жылдын  25-апрелинде саат 1100дө Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын фойесинде Кыргыз Эл жазуучусу, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын ээси Кеңеш Жусуповдун туулгандыгынын 80 жылдыгына арналган «Ой алпы, сөз зергери» аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү жана “Кыргыз акылмандыгы”, “Байыркынын издери” китептеринин бет ачары өткөрүлөт. Бул туурасында Улуттук китепкананын басма сөз кызматы маалымдады.

Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, белгилүү прозаик К. Жусупов 1937-жылы 14-апрелде Нарын областынын Тянь-Шань районуна караштуу Он-Арча айылында туулган. Ал 1954-жылы Оттук орто мектебин бүтүрүп, китепканачы, баштапкы комсомолдук уюмдун катчысы болуп иштейт. 1961-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология бөлүмүн бүтүрүп, 1961-1963-жылдары «Тянь-Шань правдасы» облустук газетада адабий кызматкер, 1964 жылы Кыргыз мамлекеттик жашыруун сырларды сактоо башкармасында (главлитте), 1966-1968 жылдары «Кыргызстан» басмасында редактор, «Кыргызфильм» киностудиясында, «Ала-Тоо» журналында, 1978-1984-жж. Нарын облусу боюнча жазуучулар союзунда адабий консультант, 1984-жылы «Манас» эпосу секторунда, 1987-жылдардан кийин «Ала-Тоо» журналында башкы редактор болуп иштеген.

Жазуучунун чыгармалары 1958-жылдан баштап басма сөз беттерине жарыялана баштайт.

К. Жусуповдун 1965-жылы «Жашоо кумары» деген китеби чыгып, ага удаа эле «Каралдым тоолор», «Жүрөгүм менин тоолордо», «Ыр сабындагы өмүр», «Күлгүн курак», «Тоолуктар баяны» китептери жарык көрөт. Анын «Микеланжело мекенинде», «Ата Журт», «Кан жолдогу ойлор», «Тулпар», «Сапар китеп», «Манас», «Байыркынын издери», «Кыргыздардын байыркы маданияты», «Жан шерик», «Кыргыздар» деген публицистикалык ой толгоолору, жол очерктери, кыргыз элинин байыркы тарыхы жана маданиятына арналган китептери басылып чыкты.

К. Жусупов ар бир сөздү өз орду менен кынаптай билген чебер жазуучу. Ал бир нече томдон турган «Кыргыздар» деген китептин түзүүчүсү. Балдарга арнап «Манас» эпосун кара сөз түрүндө жазган.

К. Жусуповдун чыгармалары орус, украин, татар, казак, араб, чех, француз тилдеринде которулган. Москвадан орус тилинде «Лесорубы», «Сабыр и дедушка» аттуу повесть, аңгемелеринин жыйнактары басылып чыгат.

Анын акын А. Осмонов тууралуу жазылган «Ыр сабындагы өмүр» аттуу көркөм баяны үчүн Ленин комсомолу сыйлыгына татыктуу болгон, ошондой эле Эл аралык «Түгөлбай ата», А. Табалдиев атындагы сыйлыктардын жеңүүчүсү. Ал коомчулукта чебер киносценарист катары да белгилүү. «Ата Журт», «Тоо балдары» деген телефильмдерге жазган сценарийлери Бүткүл союздук фестивалда байгеге татыктуу болгон.

Кыргыз адабиятына сиңирген эмгеги үчүн 1991-жылы «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер», 1999-жылы «Кыргыз Эл жазуучусу» деген наамдар берилген, 2004-жылы Токтогул атындагы сыйлык ыйгарылган. 2016-жылы II даражадагы “Манас” ордени менен сыйланган.

Көргөзмө 3 бөлүктөн турат:

  1. “Мээнеткеч калем чебери”
  2. “Улуттук көөнө тарых аздектеген калемгер”
  3. “Замандаштар жана достор”

Көргөзмөгө К. Жусуповдун китептери, газеталык жана журналдык макалалар, фотодокументтер жана башка материалдар коюлду.

Иш-чарага КР Президентинин, КР Өкмөтүнүн аппараттарынын расмий адамдары, КР Жогорку Кеңешинин депутаттары, коомдук ишмерлер, акын-жазуучулар, маданият кызматкерлери, массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, студенттер катышышат.

Дареги: Бишкек ш. Ю. Абдрахманов көч., 208.

Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы тел.: 30-50-57, 30-47-04.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 76 − 66 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: