Каракол шаарында көп кабаттуу үйдөгү батирден өрт чыкты. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, 13-июль күнү саат 18:20 чамасында Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Кирпичный кичи районунун №56 үйдүн батиринде өрт чыгып, натыйжасында балконунун терезеси жана эшиги күйгөн.
Учурда өрттүн себеби такталууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ