Menu

Сооронбай Жээнбеков «Исфана — Кайрагач КӨП» автожолунун курулушу менен таанышты

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-мартта Баткен облусундагы «Исфана — Кайрагач көзөмөл өткөрүү пункту (КӨП)» автожолунун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов негизги курулуш иштери бүткөндүгүн, бүгүнкү күндө жол белгилерин орнотуу, жөө адамдардын өтмөктөрү жана аялдама пункттары боюнча иштер жасалып жаткандыгын маалымдады.

«Исфана — Кайрагач КӨП» автожолунун жалпы узундугу 36,1 чакырым.

Жергиликтүү тургундар менен болгон баарлашууда Мамлекет башчысы өлкөнүн транспорт далистерин реконструкциялоо бардык облустарда улантыла тургандыгын билдирди. Бул иштер аймактарды өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясаттын ажырагыс бөлүгү болуп саналаарын дагы бир жолу баса белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 − = 10

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: