Menu

Табылды Акеров, саясат талдоочу: “Кландар түндүк-түштүк проблемасын көтөрүп, экиге бөлүп келатышат”

Бөлүшүү:

Акыркы мезгилде өлкөбүздө олуттуу окуялар болуп өттү. Президент С.Жээнбеков экс-президент жөнүндөгү мыйзамга кол коюп, ал күчүнө кирди. Элде Атамбаев банкрот болду деген кеп тарады. Өкмөт башчы Абылгазиев кескин сынга кабылып, өкмөт кыйчалышкан абалга кептелди. ЖК депутаттары “КТ Мобайл” компаниясын башкарган Абылгазиевдин бажасы И. Рысалиевдин аракеттерин иликтөөчү депутаттык топ түздү.

– Табылды мырза, Атамбаев кызматын тапшырган соң чыгармачылык менен алектенем деп көп айтчу эмес беле, эмне үчүн кайра чоң саясатта калгысы келди? Партиядан кетип, Батукаев боюнча камалып кетпейин деп чоочулаган жокпу?

– Экс-президент Атамбаевдин элдин кызыкчылыгында аракеттенип, анын турмушун оңдоп, коомду алдыга жылдырып, экономиканы өнүктүрүп, элдин эсинде жакшы жагынан калууга 6 жыл мүмкүнчүлүгү бар болчу. Бирок, ал ага жарабады. Атамбаев эч нерсеси менен элдин эсинде кала алган жок. Тескерисинче, көбүнчө жаман жактары менен эсте калды. Өзүн сындаган, өзүнө жакпаган саясатчылардын баарын камады. Сот аркылуу өзүн сындагандардын мүлкүн тартып алганга аракет жасады. Ошондуктан, Атамбаев кандай касам ичпесин, ал дагы деле элди алдап, элге жамынып, чоң саясатта калып калууну көздөгөн. Атамбаев чоң саясатта калып, өзүнүн жеке кызыкчылыктарын, балдарынын бизнестерин коргоп, аларга “крыша” болгусу келген. Экинчиден, ал өз учурунда чоң кылмыштар жана конфликттер болгондугун жакшы билет. 2010-жылкы Ош-Жалал-Абад коогалаңы, Батукаев маселеси, 1 долларга сатылган “Кыргызгаз” талашы бүтпөгөн “Кумтөр”, ТЭЦ маселелери жана башкалар. Ошого Атамбаев камалып кетпөөнүн алдын алып, кайрадан чоң саясатка барып, парламентке КСДП менен кирип, мандат алып алууну каалаган. Атамбаев элдин кызыкчылыгында чоң саясатта калгысы келсе, мага артыкчылыктардын кереги жок, мен мультидолларовый миллионермин, үй-бүлөмдү бюджеттин акчасыз эле багып алам деп баарынан баш тартып, КСДПнын төрагасы боюнча калып калбайт беле! Экс-президент жөнүндөгү мыйзамга кол коюлары менен төрагалыкты өткөрүп берип, секирип чыга качты. Туура, Атамбаев кокус кылмыш иши ачылып калбасын деп партияны колдон чыгаргысы келбей жаткан. Бирок,“Экс-президент жөнүндөгү” мыйзамдын жаңы талабына ылайык ал төрагалыктан аргасыздан кетиш керек болду. Жаңы мыйзам боюнча экс-президент кандайдыр бир саясий бирикмеде жана мамлекеттик структураларда жетекчилик кызматта болбошу тийиш. Ошону менен Атамбаев банкрот, саясий өлүккө айланды.

– Атамбаев эми эмне кылат? Биротоло кеттиби же дагы эле тымызын тирешип, тоскоолдуктарды жарата береби?

– Атамбаев өзүнүн ордуна төраганын милдетин аткаруучу кылып А. Кодуранованы калтырганына караганда, партияны дагы деле көзөмөлдөй берүүнү көздөп жатат. А. Кодуранованы съезд шайлап, бекитиши шарт. Бирок, съездге акча керек. Акчаны ким берет? Атамбаев А. Кодуранованы бекитиш үчүн съезд чдкырбайт да. Чакырса да А. Кодуранова үчүн ячейкалар делегаттарды жибербей коюшу мүмкүн. Ошондуктан, А. Кодуранова төраганын милдетин аткаруучу болуп кала берет, ал эми Атамбаев партияны тескеп турат. Каалаган ыңгайлуу учурда өзү төрага болуп олтуруп алат. Бирок, ушул абал А. Кодуранованын КСДПсын С. Абдрахмановдун «Атамбаевсиз КСДПсы» менен бириктирип коюшу мүмкүн. Эгер булар бирикпесе, анда А. Кодуранованын артында Атамбаев бар экени анык болуп калат. Атамбаев партиядан биротоло кол жууп калбаш үчүн А. Кодуранованы пайдаланып, аны кармап турат.

– Атамбаев акчалуу, ал акыры бирден чыгат дегендер болгон. Бирок, Атамбаев бул раундда утулуп калды да?

– Атамбаев менен эч ким тирешкен жок. Ал өзүнөн-өзү кандайдыр бир тирешти туюндурган саясий абал түзүүгө аракет кылды. Бирок, андан майнап чыккан жок. Атамбаевди эл колдобой койду. Анын эң негизги себеби, жаңы бийлик Атамбаевдин коркутуп-үркүткөн, баса калып камоолорго алган жолунан баш тартып, коомду жаңы жол менен алып кетти. Эл Президент С. Жээнбеков көрсөткөн жолго макул болду, жаңы лидердин аракеттерин туура деп, аны ээрчип, алдыга жылып барат. Атамбаев акырындык менен кечээги тарых болуп, артта калып кетет. Бүгүн Атамбаевдин аракеттери күрмөсүн тескери кийип, жата калып трактор же танкты үркүткөн адамды элестетип жатат.

– Акыркы мезгилде өкмөт башчы Абылгазиев өтө катуу соккуга кабылды. Парламенттин депутаттары “КТ Мобайл» кампаниясынын экс-жетекчиси И. Рысалиев анын бир тууган бажасы экенин билгенден кийин жарылып кетишти. ЖКда тезинен комиссия түзө кальшпы. Эмне болуп кетти?

– Бүгүн аракеттеги Конституция боюнча өлкөдө премьер-министрге эң көп ыйгарым укуктар берилген. Кыргызстан эки революцияны башынан өткөрдү. Экөө тең Акаев, Бакиевдер бийликти монополиялап алып, аларга ишенип берилген бийликти кыянаттык менен пайдаланып, өзүнүн үй-бүлө мүчөлөрүн, бир туугандарын, жакындарын, жердештерин жогорку кызматтарга коюшкан. Ошентип, Акаев да, Бакиев да өлкөнү туңгуюкка алып келип олтуруп, өзүлөрү да кызматтан кетишишкен. Ошондуктан, парламент депутаттары Абылгазиевдин туугандары жөнүндөгү маселени туура эле көтөрүштү. Бул маселе көтөрүлбөсө, коомчулук көп нерсени билбей, байкабай жүрө бермек. Бүгүн көпчүлүк сырлар ачыкка чыкты. Көптөгөн чиновниктер кызматтан кетти. Айрымдар Абылгазиев кызмат ордун сактап калыш үчүн ушундай жолго барды деп жатышат. Мейли, кандай гана болбосун, бул окуя көпчүлүк мамлекеттик чиновниктерге чоң сабак болуп калды. Премьер болобу, башкасы болобу, өзү каалагандай эле тууган-уругун, жердештерин каалаган кызматтарга орноштура бергендей, мамлекеттик кызмат алардын атасынан мураска калган эмес да.

– Депутаттар “КТ Мобайл» компаниясына жана “бажагейтке” тиешелүү эле аракеттерге баа бериш үчүн комиссия түзгөндөй болуп жаткандай. Бирок, пресса Абылгазиевди баса калып, бүт тууган-уругун, жердештерин кайсы кызматтарга койгондугунун баарын чукуп чыгып, ачыктап салышты эле, комиссия маселенин бул жагына көңүл бургудай эмес. же бул жерде кандайдыр бир ич ара “разборка” болуп кеттиби?

-Азыр комиссия иштеп жатат. Ал ишин бүткөндө палатада карап, баа берилет. Менимче, “бажагейттен” башка дагы баардык маалыматтарга дыкат анализ жасалат. Биз илгертен президент институтун, анын туугандарын аңдып көнгөнбүз. Бүгүн болсо, өлкөдө премьерди да өзгөчө контролго алып турбаса, болбой тургандыгы анык болуп турат. Деги эле бийлик дайыма элдин контролунда болуп турушу абзел. Эгер комиссия ММКларда келтирилген маалыматтарды карабай койсо, анда саясатчылардын кайсы бир тобу бул маселени Абылгазиев – Рысалиевге каршы көтөргөндөй кабылданып калат. Бул маселе атайын уюштурулгандай, саясатчылар ич ара “разборка” кылгандай кабылданат.

– Кландар өз өкүлдөрүн колдоого алуудан коом кандайча жабыр тартып жатат?

– Кыргызстан кландык системадан, анын таасиринен кутула албай эки жолу революция болду. Кландар трайбализмге сугарылган топтор. Алар өз кландык кызыкчылыкта гана аракеттенишет. Ошого алар кызмат абалынан пайдаланып, кадрларды кетирип, өзүнүн туугандарына, жердештерине кызмат берип жатышат. Ошентип, кландар мамлекеттик кадр даярдоо саясатына кедергисин тийгизип жатышат. Атамбаев убагында “мен менеджермин” деген министрлер көбөйүп кеткен. Кана эми ошолор? Кечээки тарыхта калышты. Кландар түндүк-түштүк проблемасын да көтөрүп, элди козутуп, экиге бөлүп келатышат. Биз тигилерден артыкпыз деген сасык саясатты жүргүзүп жатышат. Алар ошентип элди экиге бөлүп, кочкорлук, нарындык, түндүк-түштүк кылып жиктеп, алаксытып, бири-бирине кагыштырып, өзүлөрү миллиондорду уурдап, байып жатышат. Муну токтотууга мезгил келди. Коомчулук буга каршы катуу турушу керек. Биз бир нерсени эсибизден чыгарбашыбыз керек. Мамлекеттик кадрлар жылдап тарбияланат, нечен жылдар бою тажрыйба топтоп, чоң кызматка дайындалат. Бул тартипти бузуу, тууган-уругуна жан тартып, кызматка алып келүү кылмыш менен барабар. Ошонун айынан канчалаган мыкты кадрлардан айрылып жатабыз.

– Айрымдар, Абылгазиев Жээнбековдун ишенимин аткара албай жатат деп сындашууда. Ал кызматта кала алабы?

– Туура, Абылгазиев премьер болгондо С. Жээнбековго ишеним көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирип, актайм деп убада берген. Менимче, депутаттык комиссия өз ишинин жыйынтыктарын ШОСтон кийин, июндун 2-жарымында жарыя кылышы мүмкүн. Көпчүлүк Абылгазиевди күздө кетет деп жатышат. Айтылган сындарды эске алганда, аны азыр деле алып коюшу мүмкүн. Бирок, Абылгазиевде өкмөттү шайлоолор бүткөнгө чейин жетектеп турууга мүмкүнчүлүгү бар. Ал үчүн кадр саясатын туура багытка салуу зарыл. Өзүнүн командасын түзүш керек. Өкмөттүн, министрлик, ведомстволордун ишин талдап, буга чейин сын айтылып келаткан чабал министрлерди кызматтан кетириши керек. Экинчиден, буга чейин басма сөздө айтылган өзүнүн тууган-уругу, жердештери жөнүндөгү маалыматтарды талдап, бир жыйынтык чыгарышы керек. Алардын чабалдарын кызматтардан кетирип дегендей. Эгер бул иштер аткарылбаса, анда Абылгазиевдин өкмөтү коомдун сынынан арыла албайт. Дайыма коомдун контролунда болуп калат. Бирок, акыркы мезгилде бир топ министрлер, чиновниктер кызматтан кетти. Абылгазиев өз ишин аткара албагандарды дагы айдайм деп билдирди. Убакыт күтпөйт, тезирээк кыймылдашы керек. Чабал министрлерди кызматтан айдагандан чоочубаш керек. Бул коом, өлкө үчүн пайдалуу.

Маектешкен: Т. Токтоболотов

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: