Menu

Азимжан Аскаров милиция жетекчисине кайрылды

Бөлүшүү:

2010-жылдагы кандуу окуяларга байланыштуу өмүрүнүн акырына чейин абакка кесилген Азимжан Аскаров Жалал-Абаддын Базар-Коргон райондук милициясынын башчысы Азизбек Өскөнбаевге кайрылды.

Өз кайрылуусунда ал милиционер Сулаймановдун өлүмүнө тиешеси жок экенин айтты.

Ошондой эле ага каршы көрсөтмө берген 17 адамга буга чейинкилерин эми Куран карматып кайталап айттырууну Өскөнбаевден суранды.

«Эгер ошол алдамчылар көрсөтмөсүн Куран кармап да кайталаса, анда мен актанып мындан ары эч нерсе жазбайм. Баарын Кудайга коем», — деди Аскаров.

Жалалабаддык укук коргоочу Азимжан Аскаров «Базар-Коргондо 2010-жылдагы кандуу калабаны уюштурган» деген айып менен соттолуп, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган. Анын иши 2017-жылы БУУнун сунушу менен кайра каралып, Чүй облустук соту «Аскаров улут аралык жаңжалды козутууга катышкан, Бишкек-Ош каттамынын 550-чакырымында мыйзамсыз жол тосууга аралашкан, ал жерде топтолгон эл куралсыз милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, он чактысы жеңил, ал эми Мыктыбек Сулайманов оор жараат алып, жаалданган адамдар кылмышын жаап-жашыруу максатында анын сөөгүн өрттөп жиберген» деп тапкан.

​Аскаровдун байбичеси Хадича Аскарова, адвокат Валерьян Вахитов жана «Бир дүйнө – Кыргызстан» укук коргоо уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жиберип, аны эркиндикке же үй камагына чыгарууну өтүнүшкөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 88 = 93

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: