Menu

Жанар Акаев, ЖК депутаты: «Темир жолду Алмаз Ногойбаев жеке менчик ишканасындай эле кылып алган»

Бөлүшүү:

Жакында эле Жогорку Кеңештин жыйынында, депутат Жанар Акаев“Кыргыз темир жолу” ишканасынын эл билбеген сырларын жарыялады. Катылып келе жаткан сырдын чоо-жайын билүү үчүн Жанар Кубанычовичти кепке тарттым.

— Жанар мырза, “Кыргыз темир жолу” ишканасынын катылуу сырын кантип таптыңыз. Же сизге кимдир бирөө кайрылдыбы?

— Негизинен темир жол боюнча мурда комитетте өлкөбүзгө келчү вагондор боюнча көптөгөн кыйынчылыктар жаралып жатканын кесиптештерим айтышкан. Ошол депутаттардын айтуусунун негизинде мен кызыгып, изилдеп айрым маалыматтарды алдырдым. Мен изилдеп баштаганда көптөгөн проблемалар калкып чыга баштады.

— Кандай проблемалар бар экен?

— Мен негизги көңүл бөлчү үч проблеманы айтып өтөйүн. Биринчиси, Кыргызстанга келчү вагондор тууралуу. Январдын аягына чейин жүз элүү вагон келип өлкөбүздүн казынасына акча түшүрүш керек эле. Алардын азырынча кыркы гана келген. Калган вагондор келе элек. Бизге келген кырк вагондун дагы тетиктери тендердин талаптарына жооп бербейт. Себеби бир аз эски. Алар болсо вагон алуу үчүн акчаны Кыргыз-Орус фондунан кредит алышкан. Менин колумда кредиттик келишим турат. 8 млн 380 миң доллар алышкан. Вагондор келип иштеп кредитти төлөп башташ керек эле. Убагында төлөнбөгөн кредитке 14% үстөк төлөөсү керек болот. Вагондор өз убагында келген эмес. Эгер вагондор көрсөтүлгөн датада келбесе, штраф салуусу керек эле. Штрафтар ушул күнгө чейин миллиондогон акча болуп кетүүсү зарыл болчу. Бирок негедир “Кыргыз темир жолу” ишканасы казактардын фирмасына штраф салган жок.

— Вагондордун Кыргызстанга келбей кечигип жаткан себебине кызыктыңызбы?

— “Кыргыз темир жолу” ишканасынын маалымат кызматы жооп бериптир. Шылтоосу аба ырайына байланыштуу экен. Кышкысын Казакстанда бир нече күн суук болгону баарыбыздын эсибизде. Бирок, ал суук вагондордун Кыргызстанга келишине эч кандай таасирин тийгизбейт. Алардын берген жообу ынандыраарлык эмес. Тескерисинче жаш баланы алдагандай түр көрсөтүп жатышат.

— Ал эми экинчи проблеманы айтсаңыз?

— Өзбекстандын темир жолдору бизге 139 млн сом карыз экен. Мына менин колумда бүт документтер бар. Ушул карызды Ногойбаев кечип жиберген.

— Ал карызды эмне максатта кечип жиберген?

— Кызматташтык, достук маанисинде болсо керек. Бирок кызык жери мен “Кыргыз темир жолу” ишканасынын жасап жаткан иштери жөнүндө парламентте көтөрүп чыккандан кийин, угушума караганда кайрадан Өзбекстан менен сүйлөшүү жүргүзүп, жанагы карызды токтотпосок болбойт, биз кечпешибиз керек деп кайрадан документтерди тууралаганга биздин темир жол аракет жасап жүрөт. Эгер документти тууралап карызды кечпей кайтарып алышса анда жакшы. Мен мамлекеттин эсебине 139 млн сом пайда түшүргөн болом. Карыз тууралуу азырынча темир жол ишканасы чеке жылытаарлык жооп узата элек.

— Өлкөнүн локомотиви болчу темир жол мышык ыйлаар абалда. Буга жетекчиликтин күнөөсү барбы?

— Жетекчинин түздөн-түз күнөөсү бар. Жетекчиси Алмаз Ногойбаев көп жылдардан бери башкарып келет. Ишкана азыр банкроттук абалда. Өлкөгө ири пайда алып келчү, казынаны толтуруучу ишканабыздын кейпи ушул. Негизи биздин көп тармактарды башкарган чиновниктер өздөрү ошол ишкананын эсебинен байып, башкарган ишканасы итке минип калса дагы уялышпайт. Банкрот болуп ошол ишкана жоюлуп кетсе дагы ага бети кызарып койбойт. Булар эми банкротто болгондон кийин биздин өкмөт башчы дагы бир чара көрүш керек эле. Эң кызыгы ошолор темир жолго байланыштуу көп иштерди жүргүзөт. Тендерлердин көбүн Ногойбаевдин кызына тиешелүү «Инвест Транс Логистик» фирмасы утат.

— Темир жолу ишканасына тиешелүү жерге Алмаз Ногойбаевдин кызы мейманкана салып алганы тууралуу да айттыңыз эле. Мейманкана темир жол ишканасынын эсебинен курулганбы?

— Жок. Мейманкананы кызынын фирмасы өзү куруптур.

— Ишкананын жерине кызына мейманкана тургузуп бергени тууралуу А. Ногойбаевге суроо узаттыңызбы?

— Мен суроо узаткан жокмун. Бирок, менин парламентте көтөргөн маселемен кийин журналисттер А. Ногойбаевге суроо узатып төмөндөгүдөй жооп алышыптыр. “Туура, менин кызымдын компаниясы мейманкана курганы чын. Эмне, менин кыздарымдын бала-чакасын мен багайынбы?” деп жооп бериптир. Мына, алдыңкы ишкананы башкарып жаткан Ногойбаевдин жооп берген деңгээли. Бул Курманбек Бакиевдин “Балам акылдуу болсо иштейт да” деген жообуна окшош. Ногойбаевдин кызы акылдуу болсо биздин каршылыгыбыз жок. Бирок, так эле атасы башкарып жаткан мамлекеттик ишканага барып мейманкана куруш керекпи? Ал жакта “код” деп коёт вагондорго келген. Ал сатылат. Кызылдай акча. Темир жолду А. Ногойбаев жеке менчик ишканасындай эле кылып алган.

— Алмаз Ногойбаевдин артынан канча жылдардан бери сөз ээрчип жүрөт. Бирок негедир ордунан козголбойт же колдогон кожосу күчтүүбү?

— Мендеги маалымат боюнча Ногойбаев бир канча саясатчыны каржылап турат. Бир канча саясатчыга шайлоолордо иштеп берет. Эми бул чуулгандуу окуя, фактылардан кийин ал кишини темир жолдун башчысы катары кармап олтурган болбойт. Сапар Исаков “Таза коом” курам деп жатат. Ушундай адамдар менен кантип курат? Өкмөттүн командасынын жүзү ушул. Ушундай адамдар менен Сапар Исаков кантип таза жашоо курам деп жатат, мен билбейм. Бул тармак бүт коррупциялашкан. Жетекчиси өзү дагы көп коррупциялык схемаларга шектүү. Менимче премьер-министр апрель айына чейин кызматтан алып, тиешелүү органдар кылмыш ишин козгойт деген ойдомун. Мага дагы бир канча депутат келип жөн эле кой, сүйлөшөлү дейт. Мен аларга жооп берген жокмун. Менин максатым– миллиондогон каражаттарды өлкөнүн казынасына түшүрүү.

Альбина Калыкова

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: