Бүгүн, 27-январь күнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйыны болду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
Жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик органдардын коронавируска байланыштуу кырдаал боюнча кабыл алган чаралары тууралуу маселе талкууланды.
Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын 2019-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолдуу жыйынтыктары тууралуу, «2019-жылды аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын 2019-жылы аткарылышы талкууланып, 2020-жылга карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишмердүүлүгүнүн Программасын жүзөгө ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн биринчи кезектеги иш аракеттеринин планы бекитилди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ