Menu

Мадуро АКШга Венесуэлада аскердик операция баштоодон сак болуусун эскертти

Бөлүшүү:

Венесуэланын президенти Николас Мадуро өлкөдөгү азыркы саясий каатчылыкка АКШнын аскердик кийлигишүүсү Америка үчүн «жаңы Вьетнам» болуп калышы мүмкүндүгүн билдирди.

«Бардыгы түштүк империянын жана анын батыш өнөктөштөрүнүн аракеттеринин агрессивдүүлүгүнө жараша болот. Менин өкмөтүм Венесуэланын ички иштерине эч кимдин кийлигишпөөсүн каалайт. Биз өлкөбүздү коргоого даярбыз», — деди Мадуро жекшембиде laSexta испан телеканалынын эфиринде.

Күн мурун АКШ президенти Дональд Трамп Николас Мадуронун режимине каршы аракеттердин бири катары Вашингтон Венесуэлага аскердик кийлигишүү вариантын караштырып жатканын айткан.

«Бул жөнүндө айткым келбейт, бирок албетте бул вариант дагы каралып жатат», — деген Трамп Си-Би-Эс телеканалынын эфиринде.

The Hill басылмасынын маалыматына караганда, бир нече ай мурда Мадуро жолугушуу өтүнүчү менен АКШ президентине кайрылганда, Трамп ага макул болгон эмес.

Январдын аягында АКШ башында турган бир нече мамлекет Венесуэланын убактылуу президенти катары өлкөнүн Улуттук ассамблеясынын төрагасы Хуан Гуайдону таанышкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 9 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: