Menu

Премьер-министр Абылгазиев: “Мындан ары МАИчилер автоунааларды токтотуп айыппул салалбайт, колундагы таякчаларын да алабыз”

Бөлүшүү:

“ИИМдин Жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча башкармалыгы өз милдеттерин аткара алган жок. Жол кырсыктарынын көбөйүшү, тармактагы коррупциянын өсүшү бул кызматтын өзүн-өзү актабагандыгынын белгиси. Ошондуктан МАИден биз жазалоочу функцияларын алабыз да жол эрежелерин бузууну каттоо гана функциясын калтырабыз”, – деп билдирди бүгүн, 6-июлда Ысык-Көлдө туристтик сезонду уюштуруу жана туризмди өнүктүрүү маселери боюнча иш сапарында жүргөн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев.

“МАИ инспекторлору жолдо автоунааларды таякча менен токтотуп, айыппул салып, пара талап кылганды токтотобуз. Мындан кийин аларда таякчалар да болбойт, штраф салганга акысы жок. Алар жол эрежелерин бузган фактылар боюнча акты түзүп, тиешелүү органдарга гана жөнөтө алат. Айыппул салуу ошол жакта гана чечилет. Анын үстүнө биз “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырып жатабыз. Анда видеокаттоо кызматы да ушундай системада иштейт. Ошондуктан мындан ары МАИчилер автоунааларды токтотуп, айыппул салалбайт. Алар жол коопсуздугун камсыз кылышсын. Эгер МАИ инспектору жолго туруп алып чет элден келген автоунааларды токтотуп пара талап кылып жатса каяктагы туризмди өнүктүрүү тууралу сөз кылууга болот…” – деди Абылгазиев.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 − 39 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: