Пандемия учурунда Россиядан 22,440 кыргызстандык кайтып келди. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчилигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 20-марттан бери аба каттамдары токтотулган. “Ошол мезгилден бери Кыргызстанга 93 экспорттук учуулар аткарылып, Казакстандын аймагы аркылуу 52 автобус уюштурулган”, – деп билдиришти элчиликтен.
Кыргызстанда коронавирустук кырдаал курчуп бараткандыгына байланыштуу Россия менен туруктуу аба каттамдары калыбына келтириле элек, орус-казак чек арасы да жабык.
Элчилик шашылыш себептери жок жарандарды мекенине кайтып келүүгө, мүмкүн болсо, кырдаал турукташмайынча, Кыргызстанга келүүдөн баш тартууга чакырат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ