Menu

Сапар Исаков: Биз онкологиялык чөйрөдөгү абалды түп тамырынан бери өзгөртүп аягына чыгарабыз

Бөлүшүү:

27-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Европа онкология мектепби илимий комитетинин президенти, Дүйнөлүк онкологиялык форумунун президенти,  доктор Франко Кавалли менен жергиликтүү дарыгер-онкологдордун тажрыйбасын көтөрүү маселесин талкуулады. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

«Өлкөдө рак илдетин азайтуу, ошондой эле аларды дарылоо үчүн жагымдуу шарттарды түзүү – бул Өкмөттүн биринчи кезектеги милдеттеринин бири болуп саналат.  Тилеке каршы рак ооруларынан каза болгондордун саны тынчсызданууну жаратат. Бир жылдан ашык убакыттан бери биз КР Президенти Алмазбек Атамбаевдин тапшырмасы менен бул тармакты жакшыртуу жана олуттуу өзгөртүүнүн үстүнөн тынымсыз иш алып баруудабыз», — деди  Премьер-министр.

Ал ошондой эле онкология тармагындагы абалды өзгөртүүгө жарандык коомдун жана бизнес өкүлчүлүгүнүн ролу зор экенин баса белгиледи.

Андан ары Өкмөт башчы рак илдетинен көз жумгандардын саны көп болгондуктан ушул жылы Улуттук онкология жана гемотология борборун республикалык бюджеттин эсебинен толук оңдоодон өткөрүү чечими кабыл алынгандыгын билдирди.

2017-жылдын 11-сентябрында Кыргыз Республикасы менен «Центерра Голд Инк.» компаниясынын ортосунда стратегиялык макулдашууга кол коюлуп, анын алкагында Улуттук онкология борборуна кайтарымсыз түрдө 10 млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү каражат берилди.

«Онкология жана гематология Улуттук борборунун материалдык-техникалык базасын толук калыбына келтирүү жана өркүндөтүү аркылуу биздин өлкө онкологиялык ооруларга каршы күрөшүүдө маанилүү натыйжаларга жетише алат. Бирок бул жетиштүү эмес. Маанилүү аспект окутуу жана дарыгерлерди даярдоо зарыл. Тийиштүү кызматкер болбосо тармакты  жакшыртуу үчүн биздин ишибиз натыйжалуу болбойт», — деди Өкмөт башчы.

Франко Кавалли өз сөзүндө Ракка каршы Швейцария  Лигасы  жана Онкология боюнча Европа мектеби медициналык онкологдорду окутуу боюнча өз ишин кеңейтүүгө, нур терапиясы боюнча адистерди окутууга колдоо көрсөтүүгө  даяр экенин билдирди.

«Эки жыл мурда биз дарыгерлерден жана консультанттардан турган топ менен Республикалык онкология борборун көрүп чыкканыбызда ал борбор башкача болорун элестете алган эмеспиз. Биз азыр барып тааныбай калдык. Сиздердин Өкмөт бул багытта борборду ушундай кыска убакыт аралыгында  оңдоодон өткөрүп, рак илдетинен жабыркагандарга шарт түзүүнү колго алганы бизди кубандырат. Дүйнөдө көп мамлекеттер бул тармакты жакшыртуунун үстүнөн иш алып барышат. Бирок биз мындай кыска убакытта баарын өзгөртүүгө жетишкен мамлекетти кезиктире элекпиз. Бизди иштин жыйынтыгы абдан таасирлентти», — деди Франко Кавалли.

Маалымдама:

Рак менен ооругандардын түзүмүндө медициналык статистиканын маалыматтары боюнча эмчек рагы-орунду биринчи ээлейт, экинчи орун – жатын моюнчасынын рагы, үчүнчү орунда – ашказан рак жана төртүнчү орунда – өпкөнүн рак оорусу турат. Мындан тышкары, көкүрөк рагынын өлүмү төртүнчү орунду ээлейт.

Оорунун жогорку көрсөткүчүн эске алып,  2006-жылы  Республикалык онкология борборунда  Эмчек ооруларды дарылоо борбору түзүлгөн. Ал эмчек рагынын өлүмү көкүрөк рагы боюнча алдын алуу жана дарылоо боюнча алдыңкы уюм болуп саналат.

2016-жылдын октябрь айынан баштап  Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги, Раака каршы Швейцария Лигасы, Европа онкология мектеби жана «Эргэнэ» Коомдук Фонду протоколго кол коюп, SILK (Setting up digital mammography, breast services Improvements and Learning bridges in Kyrgyzstan, «Санариптик маммография орнотуу, эмчек бездеринен жабыркагандарды тейлөөнү жакшыртуу жана бул багытта Кыргызстан менен биргеликте иш алып баруу») долбоорун ишке ашыра баштаган.

SILK долбоорунун ар бир өнөктөшүндө өздөрүнүн максаттары бар:

1) Европалык  онкология мектебинин максаты – кадрларды даярдоо аркылуу рак оорусунда өлүм кыскартууга салым кошуу максатында “айыгуу үчүн билим берүү”. Европалык онкология мектеби, ошондой эле лабораториялык жабдуулар жана реагенттерди сатып алуу үчүн акча каражатын тартат.

2) Ракка каршы Швейцария лига маммографиялык дартты аныктоо  стандарты боюнча иштеп, рентген жабдууларын алууга инвесторлорду тартат.

SILK долбоору Кыргызстанда «Эргэнэ» коомдук фонду аркылуу иш алып барып, ушул сыяктуу бир нече демилгелерди аймактарда колдоп, ишке ашырып келе жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 − = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: