Мэр Албек Ибраимов да соргоктук менен алектене баштады. Болгондо да элдердин чөнтөгүнө кол салуу менен.
Дегеним, борбор калаанын башчысы Албек Ибраимов 27-сентябрда Бишкек шаарынын 2017-2020-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча программаны талкуулаган жыйында «Айдоочулар бензинин жана башка чыгымдарын жаап иштеши үчүн, коомдук транспорттордо жол акыны 12 сомго чейин көтөрүү керек. Антпесе алардын жумушу өзүн өзү актабай жатат»- деген кеби менен коомчулуктун кыжырын кайнатты. Мэр мындай сунушун декабрь айында Бишкек шаардык кеңешине алып чыгарын жана депутаттардын талкуусуна коюларын айтты.
Бишкек шаарында ушул тапта кичиавтобустук каттамдарда жол акы он сом, автобус жана троллейбустарда сегиз сом. Арийне, социалдык тармактарда мэрдин бул «мээси» жеткен ачылышын кескин сынга алып, “Өзү, катын-баласы коомдук транспортко түшпөгөн соӊ ушу да. Мындайлар элдин канын соруп турушат”,- деген пикирлер жамгырдан соӊку козу карындай жаап баштады.
Булак: “Майдан.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ