Menu

БШК Турсунбек Акундун Өмүрбек Бабановго карата жазган арызын канааттандыруудан баш тартты

Бөлүшүү:

2017-жылдын 28-сентябрында КР БШК жыйынында Кыргыз Республикасынын  Президенти кызматына талапкер  Ө.Бабановдун  чет элдик лидер менен жолуккан фактысы боюнча жаран Турсунбек Акундун арызы каралды. Бул туурасында комиссиянын басма сөз кызматы билдирет.

Арыз берүүчүнүн ою боюнча аталган жолугушуу, анын жүрүшүндө көтөрүлгөн маселелер Кыргыз Республикасынын  “Кыргыз Республикасынын Президентин  жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык  Мыйзамынын нормаларын бузгандык болуп саналат.

Конституциялык Мыйзамдын 22-беренесинин 15-бөлүмүнө ылайык  “чет өлкөлүк  жарандар жана уюмдар үгүт жүргүзүүгө укугу жок”, ошондой эле  28-берененин 2-бөлүмүндө “үгүт иштерин жүргүзүүдө  башка мамлекеттердин мамлекеттик жана саясий ишмерлеринин фото- жана көрмө материалдарын пайдаланууга тыюу салынат” деп айтылат.

Арыз берүүчү  жолугушуу Ө.Бабановдун демилгеси  менен өткөнүн, талапкер шайлоо алдындагы үгүт иштери  учурунда  чет элдик лидер менен  жолугушуусун  өзүнүн талапкерлигин колдоо максатында болгонун билдирет.

Ошондой эле  ал Ө.Бабанов аталган жолугушууну үгүт ишине активдүү колдонуп жатканын көрсөттү.

Сокулук селосундагы шайлоочулар менен жолугушуу учурунда ал коңшу мамлекеттин Президенти менен жолугушканын жана ал аны колдой турганын билдиргендигин айтат.

Талкуунун жүрүшүндө талапкер Ө.Бабанов чет элдик лидер менен жолугушуусунан тартылганды өзүнүн үгүт материалында түзмө түз колдонгон эмес, ошондуктан мыйзам бузуу болгон эмес деген пикирлер айтылды.

Бирок, БШКнын башка мүчөлөрү  мындай  жолугушуулар жөнүндө маалыматтар фотолору менен чогуу Кыргызстандын маалымат мейкиндигине кеңири тарап жаткандыгы, талапкер үгүт материалдарында  алардын фотосун түзмө түз колдонууга мыйзамда тыюу салынгандан да кеңири таратылып жаткандыгы, талапкерге да белгилүү жана түшүнүктүү деп эсептешет.

Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлер  шайлоо алдындагы үгүт ишинде ушундай формадагы жана мүнөздөгү чет элдик мамлекеттердин башчыларын үгүт иштерине  колдонуу мыйзамсыз жана кабыл алынгыс деп эсептеп, талапкерлерди  шайлоо алындагы  үгүттө  ушундай формадагы үгүт жүргүзүүдөн  этият болууларын  эскертет.

Ошол эле учурда, арыз берүүчү мыйзамда каралган арыз берүү мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу, ошондой эле арыздарды кароодо бардык формага  бирдей мамиле жасоо максатында  БШК төмөндөгүдөй чечим кабыл алды:

1. Кыргыз Республикасынын жараны Турсунбек Акундун  арызын кантааттандыруудан баш тартылсын.

2.Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына  катталган талапкерлерге өздөрүнүн шайлоо алдындагы үгүт иштеринде чет өлкөлөрдүн мамлекеттик жана коомдук ишмерлерин пайдаланууга жол берилбестиги, эгерде андай болгон учурда жазуу жүзүндө эскертүү берилип, жана талапкерлердин каттоосу    жокко чыгарылаарын эскертет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 94 − = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: