Кечээ, 19-декабрда Бишкек шаардык сотунда мурунку премьер-министр Сапар Исаковду камакта калтыруу чечимине байланыштуу жактоочулардын доо арызы каралды.
Соттук коллегия Биринчи май райондук сотунун Сапар Исаковду 2019-жылдын 5-январына чейин абакта калтыруу боюнча чечимин күчүндө калтырды.
Анын жактоочусунун айтымында, алар аталган чечимди жокко чыгаруу үчүн Бишкектин жогорку сотуна кайрылат.
Эске салсак, Сапар Исаков ЖЭБди модернизациялоодо коррупцияга айыпталып камакка алынган.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ