Menu

Эми Тажикстан менен да кер-мур айтышып, мамилебиз бузулабы?

Бөлүшүү:

Президенттик ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынында президент Алмазбек Атамбаев кыргыз-тажик чек арасын тактоо маселесине да токтолуп, кезектеги орунсуз кебин айтып алган. Ал: “эгер Тажикстандын президенти Рахмонго кеңеш берип коюшпаса, Тажикстан менен чек арабыз толук такталып бүтмөк”,- деген болчу.

Кечээ болсо Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын тактоо боюнча өкмөттүк комиссиянын мүчөсү Жумабой Сангинов биздин президенттин билдирүүсүнө жооп кайтарды. Ал Тажикстандын президенти чек ара маселесин чечүүдө дайыма улуттун кызыкчылыгын эске алаарын, башка бирөөнүн кеңешине муктаж эмес экендигин так кесе билдирди. Мындан тышкары, Жумабой Сангинов кыргыз-тажик чек арасын тактоо тууралуу сүйлөшүү жүрүп жатканда, кыргыз тарап дайыма оюн өзгөртүп келгенин белгилеген. “Чек араны мыйзам жүзүндө, эл аралык келишимдердин негизинде чечүү керек дегенде макул болуп, кол коюуга келгенде эл аралык эрежеге туура келбеген башка документти сунушташкан”- деген оюн айтты.

Көчөдө саясатты талкууга алганды жакшы көргөн эл бирок кыргыз-тажик маселеси начарлап кетерине ишенишпейт. “Анткени,- дешет алар,- Атамбаев бийлигин тапшырып кеткени жатат, полемикага түшкөнгө убактысы деле калбай калды”. Бирок, дагы эки күн бар. Президенттин ачыктыгын эске алганда, дагы кө-өп нерсени айтууга үлгүрөт.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 75 = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: