«МегаКомдун» кардары Елена Нагорная менен сүйлөшүү токтотулду. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду маалымдайт. Алардын маалыматында, Россиянын жараны Елена Нагорная менен «Альфа Телеком» (MegaCom) ишканасын сатуу шарттары боюнча бир бүтүмгө келе алышкан эмес. Эскерте кетсек, Елена Нагорная россиялык ишкер. Ал уюлдук компанияны бардык шарттары менен сатып алууга даярдыгын билдирген. Бул маселе ошол учурда эле Жогорку Кеңештин депутатгары тарабынан сынга кабылып, Елена Нагорная чай саткан аял экени айтылып, анын 13 миллиард сомго «МегаКомду» сатып алууга чамасы жетпесин, бул Жогорку Нарын ГЭСтерин курмак болгон чехиялык «Лигласс» компаниясы сыяктуу афера болоору кеп болгон. Ырасында ошондой эле болду. Бул үчүн Маммүлк фондунун жетекчиси Болсунбек Казаков эч нерсе болбогондой тымпыйганы адилеттикке жатпайт. Мамлекеттин аброюна көлөкө түшүргөндөргө чара көрүлүшү керек го акыры… Деги эле «МегаКомду» сатыштын кажети жок болчу. Бийлик төбөлдөрү жасалма түрдө аброюн кетирип, анан айда алтын, күндө күмүш тууган кирешелүү ишкананы арзыбаган акчага менчиктештирип алууну көздөп жатышканы көрүнүп турат.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ