Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2017-жылдын 5-декабрында Белград шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сербия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жалпы жарандык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жоюу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирет.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 26-апрелинде кабыл алынган.
Макулдашуунун негизги максаты жарактуу жалпы жарандык паспорттордун ээлери үчүн токсон (90) күнгө чейин виза алуу талаптарын жоюу болуп саналат.
Аталган Макулдашууну ратификациялоо Кыргыз Республикасынын жана Сербия Республикасынын жарандарынын — жалпы жарандык улуттук паспорттордун ээлеринин өз ара барып-келүүлөрүн жеңилдетет, эки өлкөнүн ортосунда туризмди, саясий-экономикалык жана консулдук мамилелерди андан ары өнүктүрүүгө көмөк болуучу эки тараптуу келишимдик-укуктук базаны кеңейтет.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ