Алмазбек Атамбаев 21-сентябрда, Нью-Йоркко иш сапарынын алкагында General Electric компаниясынын вице-президенти, КМШ боюнча компаниянын президенти жана башкы аткаруучу директору Рон Поллетт менен жолугушту. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.
Жолугушуунун жүрүшүндө General Electric компаниясынын Кыргызстандагы ишмердигине, анын ичинде энергетикалык инфраструктураны модернизациялоо тармагына тиешелүү маселелер талкууланды.
Ошондой эле Кыргызстан менен General Electric компаниясынын ортосунда кызматташууну кеңейтүү, биринчи кезекте ата мекендик энергетиканы жана жаңы гидроэлектр станцияларын куруунун келечеги талкууланды
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ