Menu

Видео – Казакстан Кыргызстандын Бабанов менен Назарбаевдин жолугушуусу боюнча нотасына жооп берди

Бөлүшүү:

Бүгүн Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын бул өлкөдөгү убактылуу ишенимдүү өкүлүн чакырып, расмий Бишкектин нотасына жообун тапшырды.

Нотада казак мамлекет башчысы Нурсултан Назарбаевдин кыргызстандык саясатчы жана президенттикке талапкерлердин бири менен жолугушуусуна Кыргызстандын башкы дипломатиялык органынын кескин реакциясына таң калуусу белгиленген.

Ошондой эле казак лидеринин башка өлкөнүн белгилүү саясий ишмерлери жана партия лидерлеринин өтүнүчү менен жолугушуулары буга чейин деле болуп келгени жана эл аралык тажрыйбага шайкеш келээри жазылган.

Билдирүүдө 14-августта президенттикке талапкер, экс-өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков менен дагы ушундай эле жолугушуу өткөрүлгөнү айтылат. Ошондой эле казак лидери талапкерлерден эч кимди ачык колдобогону, Кыргызстандын ички саясатына кийлигишпей, ким шайланбасын кызматташууга даяр экенин айтканы белгиленген.

“Кыргызстандын тышкы саясат мекемесинин нотасы эки өлкө ортосундагы мамилени салкындатат, Казакстан Кыргызстан менен мурдагы мамиледе кала берет”, – деп жазылат Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 20-сентябрда Казакстанга протест нотасын жөнөткөн. Анда расмий Бишкек казак лидери Нурсултан Назарбаевдин Кыргызстандагы президенттик шайлоого катышып жаткан талапкерлердин бири менен жолукканына нааразы экени айтылат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 − = 53

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: