Menu

Бишкек шаардык милиция кызматкерлери тоноо фактылары боюнча кылмыштардын бетин ачты

Бөлүшүү:

Милицияга арыз менен Бишкек шаарынын жашоочусу кайрылып, ушул жылдын 20-сентябрь күнү болжол менен саат 22:00 чамасында шаардагы базарлардын биринен бейтааныш жигит күч колдонуу менен арыздануучунун уюлдук телефонун тартып алып, кылмыш болгон жерден изин жашырып качып кеткендигин билдирген. Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери ыкчам-иликтөө иш-чараларын уюштурушуп, натыйжасында Чүй облусунун 18 жаштагы Т.Б. аттуу жашоочусу кармалган. Бул туурасында Бишкек ШИИББнин Басма сөз кызматы билдирет.

Ошондой эле, Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө шаардын тургунунан арыз түшкөн. Себеби, 20-сентябрь күнү саат 20:30 чамасында Фучик-Чүй көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз 20-25 жаштардагы бала, арыз ээсинин “Самсунг” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун күч колдонуп тартып алып, изин жашырып качып кеткен. Ленин РИИБдин кызматкерлери кылмыш изин суутпай 20 жаштагы У. Р. аттуу Чүй облусунун тургунун кармашкан.

Жогорудагы фактылар боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 167-беренесинин (тоноо) негизинде кылмыш иштери козголгон. Кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: