Menu

Депутат Ирина Карамушкина парламент трибунасынан президент С.Жээнбековго кайрылды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 29-ноябрда Жогорку Кеңештин кезектеги отурумунда депутат Ирина Карамушкина парламент трибунасынан президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, КСДПнын ишине кайсы коопсуздук органдары кийлигишип жатканын тактоону өтүндү.

“Өлкө боюнча жалган конференциялар өткөрүлүп жатат. Кечээ эле ушундай иш-чаралардын бирине катышып келдим. Ал жактан чыныгы “социал-демократтарды” көрө алган жокмун. Бир нерсеге нааразы болгон адамдар гана чогулуптур. Ал эми катышуучулардын жарымынын КСДПга эч кандай тиешеси жок. Кимдир бирөөлөргө Алмазбек Атамбаев менен чогуу иш алып баруу жакпай жатса, партиядан чыгып, өздөрүнүн партиясын негиздешпейби. Белгилүү партиянын атынан иш алып баруу туура эмес”, – деди И. Карамушкина.

Мындан тышкары, ал Президенттин кабыл алуусун өтүнсө, аны кабыл албаганыy айтып, парламенттин трибунасынан сүйлөгөн сөзүн угаар деп үмүттөнүп жатканын кошумчалады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 76 + = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: