2018-жылы ИИМдин биринчи орун басары Сүйүнбек Өмүрзаковдун кирешеси – 883 миң 204,67 сомду түзгөн. Бул тууралуу Бирдиктүү салык декларациясында айтылат.
Чыгымы келтирилген эмес. Ага аянты 263,25 чарчы метрлик турак үй катталган.
Жакын туугандары 510 миң сом киреше тапкан. Чыгымдары көрсөтүлгөн эмес. Аларга катталган мүлкү:
– аянты 175,97 чарчы метрди түзгөн өндүрүш имараты;
– 25 чарчы метр башка конструкциялар;
– 1,2 млн сомдук эмеректер;
– 500 миң сомдук аудио-видеотехникалар;
– 100 миң сомдук компьютер;
– 500 миң сомдук зергер буюмдары;
– 700 миң сомдук тиричилик техникасы;
– 1 млн 950 сомдук майда мүйүздүү мал;
– 8 млн 850 миң сомдук жылкылар.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ