Menu

ИИМ: Мурда бир нече жолу соттолгон жаран алдамчылыкка шектүү болуп кармалды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан мурда бир нече жолу соттолгон, алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

2018-жылдын ноябрь айында шектүү жаран Чүй облусунун жашоочусунун (аял киши) ишенимине алдоо жолу менен кирип, ири суммадагы акча каражатын алып изин жашырып качып кеткен. Чала тааныш адам
жабырлануучудан кыймылсыз мүлк (Сокулук районундагы жер тилкеси) боюнча көйгөйлөрүн чечип берем деп ири суммадагы акча каражатын алып жүргөн. Жыйынтыгында шектүү жалпы суммасы 1000 АКШ доллары менен 92 миң сом акча каражатын алган. Жабырлануучу алдамчынын курмандыгы болгондугун түшүнгөндөн кийин гана ушул жылдын январь айынын аягында Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгына кайрылган.

Жогорудагы факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Чүй ОИИБи тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин (Алдамчылык) негизинде сотко чейинки иликтөө башталган. ИИМдин КМКнын УККБнын кызматкерлери тарабынан
жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү катары Жалал-Абад облусунун 1997-жылы туулган Б.Р. аттуу жараны кармалган. Криминалдык милиция кызматынын маалыматы боюнча кармалган жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.

Учурда сотко чейинки иликтөө иштери жүрүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 − 86 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: