Menu

Кожобек Рыспаев, депутат: Келечекте кайсы партия менен шайлоого аттанарым белгисиз

Бөлүшүү:

– Кожобек мырза, КСДПнын саясый кеңешинин сизди партиянын катарынан чыгаруу боюнча чечим кабыл алышына эмне себеп болду?

– КСДПнын саясый кеңеши эгемендүүлүк күнүнүн астында ЖМКлар аркылуу мени партия мүчөлүгүнөн чыгаргандарын жар салышты. Бирок, биринчи билдирүүдө себеби айтылган жок. Эмне себептен чыгарылганым белгисиз. Экинчисинде, катчынын маалыматы жарыяланып, анда «Кожобек Рыспаев эгерде КСДПнын тегерегиндеги, ага жакын адамдарга иш козголуп калса, ал партияда болбой турганын айткан. Ошол сөзү үчүн чыгарылды» деп билдирди. Мен «Марал» радиосуна барганымда, «КСДПнын көп мүчөлөрүнө коррупцияга аралашкан» деген күнөөлөр коюлуп жатат. Эгер коррупцияга аралашкандар болсо, сиз бул партия менен кайтадан шайлоого барасызбы?» деген суроого «эгер КСДПга жакын адамдардын күнөөлөрү тастыкталса, бул партия менен барууга мүмкүн эмес» деген оюмду айткам. Алар ошону негиз кылып алышып, мени партиядан чыгарып атышат.

– Комитет жетекчилигинен да кетириши мүмкүнбү?

– Комитет жетекчилигинен алуу – бул Жогорку Кеңештин ыйгарым укугу. Фракциянын өзүнүн регламенти, өзүнүн жоболору бар. Жогорку Кеңештин да өзүнүн жоболору, өзүнүн регламенти бар. Биз ошол боюнча иш алып барабыз. Комитеттер – бул партияга берилген эмес, фракцияга берилет. Эгерде мен ишимди алып бара албай, же Жогорку Кеңештин аброюна шек келтирген иштерди жасасам, анда бул маселени көтөрсө болот. Андыктан, бул жөн гана кызганыч болуп атат.

– Сизди партиядан чыгарышарын күн мурун уктуңуз беле?

– Жок. Угуп алып өтө таңкалдым.

– ТЭЦтеги авария боюнча териштирүү башталганда эле сиз долбоор ТЭОсуз бекитилгенин, президенттин аппаратынын ошол кездеги бөлүм башчысы Сапар Исаков бул ишке кантип кийлигишкенин айтып чыктыңыз эле. Сизди партиядын чыгарууга ошол нерселер себеп болгон жокпу?

– Болсо болгондур. Мен ал сөздөрдү кийин эле айтпастан, ратификация болуп атканда комитетте кандай сөздөр болгонун, биз кантип добуш бергенибизди, документтер туура эмес, ТЭОсу жок катары кагаз түрүндө, көптөгөн аргументтер менен да жазып бергем. Аны эч качан жашырбайм. Мен буга чейин коррупция менен күрөшүп келгем. Эми деле күрөшө берем, чындыкты айтып келгем, мындан кийин да айтам.

– ЖМКларда өзүңүз тууралуу жазылган макалаларды окуп жаткан чыгарсыз. Сизди «бир партияда күлү додо болгон эмес, улам бир партияга эрмешип шайлоого барат» деп мүнөздөшүүдө. Буга эмне дейсиз?

– Мен эч качан партияга жармашкан эмесмин. Биринчиден, «Ар-намыс» партиясынын лидери Феликс Куловго ыраазычылык билдирем. Мен партиядай эле болгон бир чоң уюмдун, Ооган согушунун ардагерлер кеңешинин лидери эсептелем. Феликс Шаршенбаевич Ооган согушунун ардагерлер кеңеши менен сүйлөшүп, биз партияга кирбей туруп эле келишим менен иштегенбиз. Биз жакшы иштеп, өзүбүздү көрсөткөнгө байланыштуу эки киши: бейиши болгур Нурлан Төрөбеков, анан мен «Ар-намыс» партиясы менен депутаттыкка өткөнбүз. Куловдун өзүнөн сурасаңар болот, 2015-жылы Феликс Шаршенбаевичтен «биздин «Ар-намыс» партиясы шайлоого чыга алабы, же чыга албайбы? Каржылык мүмкүнчүлүк барбы, же жокпу?» деп сурагам. Феликс Шаршенбаевич «мүмкүнчүлүк жок, айта албайм» деген. «Анда мага уруксат бериңиз, КСДП чакырып атат» деп макулдугун алып, социал-демократтарга баргам.

– Дагы шайлоо болуп калса эми ким менен барасыз?

– Азыр айта албайм. Мен өзүм көрүшүм керек. Адам деген акылдуу болушу керек, биринчиден. Таза партия болсо… Кеп анда эмес бир партиядан чыгып алып… Дүйнө жүзүндө ушундай тартип бар, партия жакшы болсо, чамасы болсо, кайта шайлоого чыга ала турган күчү, каржылык абалы болсо, муну адам баласы ар дайым караган, дагы деле карайт. Аерден эч кандай уруш-талашы жок эле… «Кыргыз элине иштейм» деп баратасың да. А кайсы партия менен келесиң, эмне болуп келесиң… Таза, жакшы партия менен келгенге ар бир жаран, ар бир инсан аракет кылат да. Мен азыр айта албайм кайсы партия менен келеримди. Белгисиз. Азыр мен беспартийный.

Керим Мурас

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 57 − = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: