Menu

Камчыбек Ташиев: Мен азыр “7-каналдын” кожоюну эмесмин, “7-канал” бийликтин колуна өткөн, ошондуктан журналисттер бийликти колдоп, кубаттап турушат

Бөлүшүү:

Саясатчы Камчыбек Ташиев “Сентябрь” телеканалынын түз эфирине чыгып, телекөрүүчүлөрдүн суроолоруна жооп берди.

1-Телекөрүүчү: -Камчыбек Ташиевге суроо берейин дедим эле, эмне үчүн “7-каналдан” чыкпай калдыңыз? Алтынбек Жумаев (“7-каналдын” мурун Ташиев дайындаган директору) чыгарбай жатабы?

Ташиев: – Туура. Мен “7-каналдан” чыгайын десем “7-каналдан” деле чыкмакмын. Бирок ошол эле мезгилде мен ошол “7-канал” менен бүгүнкү “Сентябрь” телеканалынын айрымачылыктарынын негизинде түшүндүрүп кетейин. Буга чейин “7-каналдын” мага тиешеси болгон. Бүгүнкү күндө “7-каналдын” кожоюну алмашты. “7-каналдын” бүгүнкү күндө кожоюну башка, мен эмесмин. Менин тегеригимдеги адамдар да эмес. Ал эми “Сентябрь” телеканалынан чыгып жатканымдын себеби, “Сентябрь” телеканалы бүгүнкү күндө оппозициялык телеканал. Муну ачык эле айтышыбыз керек. Ал эми “7-канал” бүгүнкү күндө бийликтеги адамдар кожоюн болгон телеканал. Ошондуктан мен бүгүн элдин үнүн, чындыкты, акыйкаттыкты элге жеткирип жаткан “Сентябрь” телеканалына ракмат айткым келет.

2-Телекөрүүчү: -Алтынбек Жумаевди сиз тарбияладыңыз эле, “7-каналды”  аябай бийик деңгээлге көтөрдүңүз эле. Сиздин эмгегиңиз  ат көтөргүс. Бирок, ошол сиздин кол алдыңызда иштеген журналисттер такыр эле жүзүн 180 градуска буруп алышты. Бу кандай, сизди такыр сыйлабайбы? Кээде ушу сизди деле жамандагысы келип кетишет. Жакшы сүйлөгөн оппозициядагы адамдарды шыбап эле атат, Текебаевди баш кылып, калганын төш кылып. Силердин мээнетиңер текке кетти го?

Ташиев: -Мен дагы бир жолу айтып койоюн, бүгүнкү күндө “7-каналдын” кожоюну алмашкан. “7-каналдын” кожоюну бийликте олтурган адамдардын колунда. Ошондуктан булар бийликте олтурган адамдарды колдоп, кубаттаганга аргасыз. Колдоп, кубаттап турушат да. Бүгүнкү күндөгү саясаты ушул. Ал эми ал жерде иштеген журналисттердин ага эч кандай тиешеси же күнөөсү жок. Алар ошол жерде иштеп жатышат, берилген багытты алып баратышат да…

3-Телекөрүүчү: -Сиздин “7-телеканалыңызды” Икрамжан Илмиянов алып коюптур деген сөз чынбы же жалганбы?

Ташиев: -Бүгүнкү күндө “7-каналдын” кожоюну мен эмесмин. Икрам Илмиянов кожоюнбу же Атамбаев кожоюнбу, эми анын документтерин карап көрүш керек да…

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 24 + = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: