Бүгүн, 26-октябрь күнү саат 09:10до КРнын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын чектешкен аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жер титирөө Ош облусунун Чоң-Алай районунун Кара-Тейит, Карамык, Шибээ айылдарында 3 баллга чейин сезилген жана Баткен облусунун Баткен районунун Тескей, Тунук-Суу, Кан, Сары-Талаа, Джоо-Пая, Кыштут айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Ал эми жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ