Кечээ, 28-ноябрда Айыл-чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин кызматкерлери Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда жергиликтүү фермерлерге, дыйкандарга окутуу өткөрүштү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы маалымдайт.
Министрликтин өкүлү Жигитали Жумалиев дыйкандарга сапаттуу үрөндү колдонууну сунуштады.
“Биз дыйкандарга кайсы үрөндү колдонуу керектиги жөнүндө сунуштарды беребиз. Органикалык экологиялык таза өсүмдүктөрдү өстүрүүнүн үстүндө иштеп жатабыз”, – деди ал.
Жайыт, мал чарба жана балык чарба департаментинин мал чарба бөлүмүнүн адиси Каландаров Мыктыбек Жети-Өгүз районунда дыйкан фермерлерге мал чарбасы боюнча маалымат берди.
Ал малдарды жасалма жол менен уруктандыруу жөнүндө доклад окуп, мал чарбачылыгынын кирешеси тууралуу айтты.
Ветеринардык дары дармектерди каттоо жана сертификаттоо борборунун башкы адиси Иманалы уулу Адылбек жасалма дарылар менен чыныгы дарылардын айырмасын фермерлерге айтып берди.
Жолугушуунун жыйынтыгында суроо жооп болуп, дыйкан фермерлер өздөрүн кызыктырган суроолорго министрликтин өкүлдөрүнөн жооп алышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ