“Miss Tourism Metropolitan International — 2019” эл аралык конкурс 2-декабрда Камбоджада башталып, 14-декабрда жыйынтыкталат. Ага Кыргызстандан модель Сайкал Токтогулова барып, катышат. Мындай маалыматты ал өзү социалдык тармактарга таратты.
Анын айтымына караганда, аталган конкурска таажы менен акчалай сыйлык коюлган. Аны алуу үчүн 40 мамлекеттен келген катышуучу ат салышат.
18 жаштагы Сайкал Токтогулова Кыргыз авиациялык институтунда окуйт. “Кыргызстан сулуусу — 2019” сынагына катышып, “Кыргызстандын топ модели” наамын жеңип алган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ