—Бул жашоодо сиздин ар-намысыңызга шек келтирген, сизге таптакыр жабышпаган жалааны жапкан кишилер болдубу?
—Саясатка аттанган ар бир киши күн сайын элдин көңүл борборунда болот. Дөө-шаалар менен кармашып, күрөш жүргүзө баштаган адамдын аты чыгат. Анан канча жакшы сөз айтылса жаман сөз дагы ошончо ээрчип жүрөт. Атайын ушак тараткан күчтөр да чыгат. Анын баарын түшүнүп, даяр болуш керек. Мен да башынан эле билем. Көптөгөн коррупционер, бандит, чыккынчынын жүзүн ачкан соң душман күтөсүң. Ар кандай жаман сөздөрдү жабыштырганга аракеттенет. Андайларды көрүп жатабыз. Эми мен андайларга терикпейм, коркпойм. Эл өзү тараза. Ирик-чиригин ылгап аларына ишенем.
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ