Соттор кеңешине караштуу тартип комиссиясы генпрокурор Курманкул Зулушевге Жогорку соттун судьясы Камил Осмоналиевди жоопко тартууга макулдук берди. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирет.
Шектүү Камил Осмоналиев тартип комиссиясынын чечими менен макул болду.
“Мен адилеттүүлүктүн жогорку органынын судьясы катары жогорку статусумду эске алып, объективдүү иш алып баруу жана мыйзамсыз баюуга айыптоо менен байланышкан бардык жагдайларды иликтөө, чындыкты аныктоо үчүн Соттор кеңешинин алдындагы тартип комиссиясынан мени Жогорку соттун судьясынын ыйгарым укуктарын убактылуу токтотууга макул болушун суранууну туура деп эсептейм”, – деп жазган Камил Осмоналиев.
Өз кезегинде тартип комиссиясы Камил Осмоналиевди өлкөнүн президентинин милдетин аткаруучуга судьяны кызматынан убактылуу четтетүү боюнча сунуш киргизет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ