Menu

Президенттикке талапкер Садыр Жапаров элге кайрылуу жасады

Бөлүшүү:

Президенттикке талапкер Садыр Жапаров кыргызстандыктарга кайрылуу жасап, шайлоо процессине активдүү катышып берүүнү суранды. Бул тууралуу ал 15-декабрда Instagram социалдык тармагындагы баракчасына жазды.

“Шайлоо процессине активдүү катышып беришиңиздерди суранып кетет элем. Ал үчүн 29-декабрга чейин азыркы жашап турган дарегиңиздерге катталып коюңуздар. Эгер 29-декабрга чейин каттоодон өтпөй калып же каттооңор айылда болсо, анда шайлоо күнү айылга барып добуш берүүгө туура келет.

Кыргызстан тарыхий бурулушта турабыз. Себеби президенттик шайлоо менен катар өлкөбүздө кандай башкарууну каалайсың деген суроо менен референдум өтөт. Кайдыгер карабай Мекенчил болуп, ар кимибиз өз оюбузду билдирели. Көпчүлүк элдин пикири менен эсептешип, башкаруу системасын түзөлү” – деп жазган Садыр Жапаров.

Белгилей кетсек, кечээ, 15-декабрдан тарта үгүт өнөктүгү башталган. Президенттикке талапкер Садыр Жапаров үгүт иштерин Талас облусунан баштады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 − 83 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: