Menu

Ошто мас абалда сот отурумуна катышып, андан кийин терезеден секирип качып кеткен прокурор кызмат ордунан бошотулду

Бөлүшүү:

Ош облустук прокуратурасынын улук прокурору Союзбек Сарыков КРнын прокуратура органдарынан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 17-декабрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тийиштүү буйрукка Башкы прокуратуранын жетекчилиги Курманкул Зулушев кол койду. Ош облусунун прокуратурасынын жетекчилигинин иш-аракеттерине байланыштуу кызматтык текшерүү улантылууда.

Белгилей кетсек, буга чейин Союзбек Сарыков Ош шаардык сотундагы отурумга мас абалында катышып, андан соң судьянын бөлмөсүндөгү терезенин тосмосун бузуп качып кеткени тууралуу видеотасма жарыяланган. Бул окуяга байланыштуу ага карата кызматтык иликтөө жүрүп баштаган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 − 9 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: