Menu

Айсулуу Мамашова: “13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган кылмышкерлерди бошоткон Сабыр Соодонбековдун жоопкерчилигин караш керек”

Бөлүшүү:

Ысык-Көл облусунун Тоң районунун судьясы Сабыр Соодонбековдун жоопкерчилигин караш керек. Мындай сунушту бүгүн, 16-декабрда депутат Айсулуу Мамашова Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

Ал кесиптештерин балдарды коргоп, бул одоно чындыкты көз жаздымда калтырбоого үндөдү.

«Быйыл балдарды коргоо жылы деп жарыяланган. Бул жөнүндө биз көп сүйлөшөбүз. Алар кыздын өмүрүн сындырып, кылмышкерлер бошотулуп, бирөөсү гана камакта отурат. Бардык жооптуу адамдарды чакырып, бул ишти эртең парламентте карайлы. Судья Сабыр Соодонбековдун аракетин талкуулаш керек, мен аны адам деп айта албайм. Ушул күндөрү мен ыйлагым келди, бул ишке кайдыгер карабай коюу мүмкүн эмес», – деди Айсулуу Мамашова.

Эскерте кетсек, буга чейин Тоң райондук соту 13 жаштагы кызды зордуктады деп айыпталып жаткан эки адамды актады. Үчүнчү айыпталуучу “Зордуктоо” беренесинен “Он алты жашка чейинки адам менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер” деп классификацияланган. Ал 7,5 жылга эркинен ажыратылды. Кызды үч башка эркек киши зордуктап салган. Бул окуяны ата-энеси кыздын кош бойлуу экендиги белгилүү болгондо билишкен.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 − 59 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: