Menu

Ташкентте калктын жашылча камдыгы текшерилүүдө

Бөлүшүү:

Ташкентте маале кызматкерлери үйлөрдү кыдырып, картошка, пияз жана сабиз камдыктарын текшерип жүрүшөт.

Маале активисттери электр энергиясы жана газ көйгөйү күчөп жаткан маалда жашылчаны кап-кап менен запастап алууга чакырууну «абсурд» деп аташты.

– Биздин мааленин кызматкерлерин үйлөрдү кыдырып, жарандардын картошка жана пиязды кап-кап менен камдап алган-албаганын текшерип чыгууга мажбурлашууда. Эл электр энергиясы менен газга жетпей жатканда, аларды кап-кап жашылча сатып алууга чакыруу кантип болсун? – деди Шайхантахур районун активисттеринин бири.

Маале жана үй-бүлөнү колдоо министрлигинин кызматкери Ташкентте калктын азык-түлүк камдыгын текшерүү өнөктүгү жүрүп жатканын тастыктады.

Ал айылдыктар дайыма жашылчанын запасын камдап аларын, шаардыктар антпей турганын айтып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын билдирди.

Кызматкердин айтымында, быйыл октябрда калктын айыл-чарба азыктарына болгон суроо-талабын камсыздоо боюнча өкмөттүн токтому чыккан. Ушул тапта өлкөдө төрт негизги өнүмдүн (картошка, пияз, сабиз жана күрүч) камдыгы 795 миң тоннаны түзөт. 2021-жылдын 1-январына карата бул продукцияларды ички рынокко жеткирүү графиктери иштелип чыгат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 − = 39

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: