Menu

Ички коопсуздук аскер кызматында жазгы чакыруу башталды

Бөлүшүү:
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпы аскердик милдеттери, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында жарандарды жазгы мөөнөттүү аскер кызматына жана альтернативдик кызматтарга чакыруу жүзөгө ашырылууда. Бул тууралу КР ИИМ Ички коопсуздук аскер кызматынын басма сөз кызматы билдирет.
Үстүбүздөгү жылдын 3-июнунан баштап, Кыргыз Республикасы ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын аскер бөлүктөрүндө мөөнөттүү аскер кызматын өтөө үчүн жаш жоокерлерди кабыл алуу жүзөгө ашырыла баштады.  Аскерге жаңыдан чакырылгандар, аскер бөлүгүнө келгенге чейин жер-жерлердеги аскер комиссариаттарында тийиштүү комиссиялардан, анын ичинде медициналык кароодон да өтүшкөн. Аларды аскер бөлүктөрүндө чоң салтанат менен тосуп алышты, ошол эле учурда коопсуздукту сактоо максатында жаңыдан аскерге чакырылгандарды COVID-19 вирустук инфекциясы боюнча атайын текшерүүдөн өткөрүштү.
Алар бир ай ичинде “Жаш жоокерлер курсунан” өтүшөт жана Кыргыз Республикасынын ИИМДин Ички коопсуздук аскер кызматынын катарында кызмат өтөөгө ылайыктуу болгон негизги талаптарды үйрөнүшөт. Бул даярдоо курсу аяктаган соң, ар бир жоокер Мекен алдында ак кызмат өтөө боюнча ант берет жана андан ары тийиштүү аскер бөлүктөрүнө бөлүштүрүлөт.
Быйылкы жазгы аскерге чакыруу көрсөткөндөй, жыл өткөн сайын Кыргыз Республикасынын аймагында Мекенди коргоо үчүн кызмат кылууга даяр жаштардын саны арбып баратканы, бир жагынан аскерге чакырылгандардын сапаттык көрсөткүчтөрү жакшырып баратканын айгинелесе, экинчи жагынан жаштар арасында патриоттуулук сезимдер күчөгөндүгү баарыбызды кубандырбай койбойт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: