Menu

Сотто жалган көрсөтмө бергендиги үчүн УКМК Азимбек Бекназаровго каршы кылмыш ишин козгоду

Бөлүшүү:

Сотто Текебаевдин пайдасына карата жалган көрсөтмө бергендиги үчүн УКМК Азимбек Бекназаровго каршы кылмыш ишин козгоду. Бул туурасында аталган комитеттин басма сөз кызматы билдирет.

2017-жылдын 15-августунда УКМКга Башкы прокуратурадан мурда интернет желесинде пайда болгон Азимбек Бекназаров менен Камчыбек Ташиевдин сүйлөшүүсү жазылган аудиотасма келип түшкөн. Анда Бекназаров Текебаевдин сотунда жалган көрсөтмө бергендигин ачык айткан.

Андан сырткары УКМКга «comment. kg» маалымат сайтынын жетекчиси Раушан Айткулова дагы Бекназаровдун Текебаев жана Чотоновдун сотундагы көрсөтмөсүнө байланыштуу кайрылуу жасаган.

Айткулова Бекназаров экөөнүн сүйлөшүп жаткандагы видеотасмасын тапшырган. Анда да Бекназаров сотто жалган көрсөтмө бергенин мойнуна алган жана Текебаев менен “Ата-Мекендин” башка өкүлдөрү Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү болуп туруп “Мегаком” компаниясынын ишине кийлигишкен деп айткан.

Буга байланыштуу аталган видео менен аудиону текшерүү максатында УКМК фоноскоптикалык идентификациялык изилдөө жүргүзгөн. Изилдөө көз карандысыз эксперттер тарабынан Казахстандын Алматы шаарында өткөн. Аталган изилдөөнүн жыйынтыгына ылайык, аудиожазуудагы жана видеотасмадагы үн Азимбек Бекназаровго таандык болуп чыккан. Алардан эч кандай монтаждын изин жана өзгөртүүлөрдү көрө алган жокпуз деп кошумчалашкан алар.

Чогулган материалдардын жыйынтыгы менен кылмыш иши козголуп, изилдөө иши башталды.

Булак: “kyrgyztoday.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 80 − = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: