Бишкек — Ош унаа жолунда жол кырсыгы катталып 2 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка караганда, кырсык бүгүн 24-октябрга караган түнү саат 02:40 чамасында Суусамыр жайлоосунда болгон. Анда оор жүк ташуучу “Фура” унаасы менен “Тойота Ленд Крузер” үлгүсүндөгү жол тандабас сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетенен жол жол тандабастын айдоочусу жана жүргүнчүсү окуя болгон жерден каза болгон.
Кырсык катталган жерге барган ӨКМнын куткаруучулары каза болгондордун жансыз денесин унаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Булак: Кyrgyztoday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ