Таш-Дөбө айылындагы Кыргыз курортология жана калыбына келтирүү илимий-изилдөө институтунунда коронавирус менен ооруган акыркы бейтап сакайып, үйүнө чыгарылды. Бул тууралуу КР Саламатттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Белгиленгендей, коронавирус пандемиясы учурунда министрликке эки медициналык мекеме – Кыргыз курортология жана калыбына келтирүү илимий-изилдөө институту жана Улуттук онкология жана гематология борбору бекитилген.
Ушул жылдын 8-июлунан баштап аталган мекемелерге коронавирус инфекциясы менен 1116 адам кабыл алынган. Алардын 1079у айыгып, 37си көз жумган.
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ